Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/192
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуу катын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап, «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 33,49-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуу канааттандырылсын жана «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу жана Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын төлөп берүү боюнча билдирүүсү эске алынсын .
2. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 7(жети) кызматкерине апрель айынан бери ар бир иш күнүнө карата 250 сомдон компенсация , азыркы күнгө чейинки айырмасы жалпы 299 000 (эки жүз токсон тогуз миң) сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
3. Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Төлөнгөн акча мыйзамга туура келбесе , акчаны кайра ордуна коюу жагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровго милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |