Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/193
Камилов Осмонбектин арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Пролетарская көчөсүнүн №17 үйүнүн жашоочусу Камилов Осмонбектин жеке менчикке берилген аялы Каримжанова Замира Гапаровнанын наамындагы Транспортная б/н көчөсүндөгү жер участкасынын профилин өзгөртүп, жашай турган жайга уруксат берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. О.Камиловдун Кочкор-Ата шаарынын Транспортная б/н көчөсүндөгү жеке менчикке берилген аялы Каримжанова Замира Гапаровнанын наамындагы жер участкасын турак-жай куруу үчүн профилин өзгөртүп, жашай турган жайга уруксат сураган арызы канааттандырылсын.
2. Профилин өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |