Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/194
Асылжан” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо фондунун координатору Т.Маткасимованын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын “Асылжан” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо фондунун координатору Т.Маткасимованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын “Асылжан” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо фондунун координатору Т.Маткасимованын кайрылуусу эске алынсын.
2. “Асылжан” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо фондунун иш алып баруусу, балдардын билим алуусуна шарт түзүү жана коом менен аралашып, жашоого болгон кызыгуусун арттыруу максатында, шаардагы “Карыялар пансионунун” имаратынан орун ажыратылып берилсин.
3. Шаардык “Карыялар пансионунун” имаратынан орун ажыратып берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |