Редакцияот 17.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы

 

2015-жылдын 17-декабры № 01-05/195

Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин сметага өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылуусу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин планына (сметага) өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 48,49 -беренелерине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин планына (сметага) өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин планына (сметага) 577 000 ( беш жүз жетимиш жети миң) сом өзгөртүү киргизүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков