Редакцияот 17.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы

 

2015-жылдын 17-декабры № 01-05/196

Кочкор-Ата шаарынын Луговая көчөсүн жарыктандыруу боюнча

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, шаардын вице-мэри Немат уулу Жайнактын билдирүүсүн угуп жана талкуулап (Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин орун басары К.Арстанбаеванын Луговая көчөсүн жарыктандыруу жөнүндө кайрылуусу жөнүндө), Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 48,49-беренелерине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын (Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин орун басары К.Арстанбаеванын Луговая көчөсүн жарыктандыруу жөнүндө кайрылуусу жөнүндө) билдирүүсү жана депутаттардын шаар тургундары менен жолугушуусундагы Ломоносов көчөсүн жарыктандыруу жөнүндөгү) кайрылуусу эске алынсын.

2. Луговая көчөсүнүн ылдый жагын, Ломоносов көчөлөрүн толугу менен жарыктандыруу боюнча аткаруу иштери шаардык аткаруу бийлигине тапшырылсын.

3. Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча сметанын негизинде керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков