Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/197
Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин инфратүзүмдү өнүктүрүү фондунан түшкөн каражаттар боюнча билдирүүсү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин инфратүзүмдү өнүктүрүү фондунан түшкөн каражаттар боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 48,49-беренелерине негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин инфратүзүмдү өнүктүрүү фондунан түшкөн каражаттар боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Инфратүзүмдү өнүктүрүү фондунан түшкөн каражаттардын 20%ы жергиликтүү бюджетке жана республикалык бюджетке 80%ы чегерилүүсү сунушталган Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Ноокен райондук каржы бөлүмүнүн каты боюнча Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынан жана аткаруу бийлигинен турган комиссия курамы түзүлсүн.
3. Түзүлгөн комиссия курамы Бишкек шаарына Жогорку Кеңешке жана тиешелүү органдарга кайрылып , инфратүзүмдү өнүктүрүү фондунан түшкөн жергиликтүү каражаттарды мыйзам чегинде чечип келүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бишкек шаарына бара турган 5 адамдан турган комиссия курамына жергиликтүү бюджеттен сапар чыгымы төлөнүп берилсин.
5. Сапар чыгымын төлөп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |