Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-августу №25-37/1
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жогорку Кеңеши тарабынан 16.06.2011 ж. кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Улуттук агенттигинин 25.07.2011 ж. №06/06 Токтомун ишке ашыруу жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш Регламентин аракеттеги мыйзамдуулукка дал келишин камсыз кылуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аракеттеги Регламенттин VI бабынын 42 беренеси: «Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары депутаттык бирикмелерге кире алышпайт:»-деген сөздөргө чейин, төмөнкүдөй жазылсын:
Депутаттык фракция- Каракол шаардык Кеңешине шайланган депутаттардан турган депутаттык бирикме. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет (мындан ары-фракциялар). Каракол шаардык Кеңешинде көпчүлүк болуп- өзүнө депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн камтыган, расмий түрдө коалициянын түзүлүшү жөнүндө жарыя кылган, фракция же фракциялар коалициясы болуп эсептелет. Көптүк фракциялар же фракциялар коалициясына кирбеген фракция же фракциялар, Кеңештеги аздык болуп эсептелет.
Депутаттык фракциялар тең укуктарга ээ.
Депутаттык фракция каалаган учурда, фракцияга кирүүнү каалаган депутаттардын чечими менен түзүлөт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары жети депутаттан кем эмес мүчөсү бар фракцияларды түзүүгө укуктуу. Фракция төраганын наамына фракция түзүлгөнү жөнүндө арыз менен кайрылат. Анда анын аты, курамы жетекчинин аты, фамилиясы көрсөтүлөт. Бул арызга фракциянын мүчөлөрүнүн баары кол коет.
Арыз берилгенден кийин эки иш күндүн ичинде фракция катталууга тийиш.
Каракол шаардык Кеңешинин депутаты бир эле фракцияда болууга акылуу.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине ылайык катталбаган фракция, фракцияга тиешелүү укуктарга ээ болбойт.
Фракциянын иш тартибин жана депутаттын фракциядан чыгуу шарттарын фракция өзү аныктайт.
Фракциялар коалицияга биригиши мүмкүн. Фракциялардын коалицияга биригиши алардын макулдашуусу менен таризделет.
Фракция Каракол шаарынын мэринин кызматына кандидаты көрсөтүүгө укугу бар.
2. Кыргыз Республикасынын 20.07.2009 жылдагы №241 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты ушул токтомду нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Ысык-Көл областык Адилет башкармасында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн
3. Бул токтом ММКтарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММК жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К. Абдылдаев) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Э. Майрыковго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
А. Иманбаев |