Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/198
Жылдын мыкты депутатын сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, жыл жыйынтыгы менен мыкты иштеген, депутаттык ишин мыкты билген Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарына “Жылдын мыкты депутаты” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды талкуулап , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Жылдын мыкты депутаты” наамын ыйгаруу Жобосун жетекчиликке алуу боюнча Регламентине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2015-жыл- Улуттук экономиканы бекемдөө» жылына карата шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана ишкердик элитанын калыптанышына колдоо көрсөткөн, жыл жыйынтыгы менен мыкты иштеген төмөндөгү депутаттарга “Жылдын мыкты депутаты” наамы ыйгарылсын жана 1000 (миң) сомдон акчалай сыйлык менен сыйлансын :
1). Артыков Базаркул – шаардык Кеңештин төрагасы;
2). Азизов Тургунбай Абдурахманович – шаардык Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынан депутат;
3). Камбаров Сүйүналы Жээналиевич- шаардык Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат;
4). Молдалиев Абдурахман Айдаралиевич - шаардык Кеңештин «СДПК» фракциясынан депутат.
2. Депутаттарды сыйлоого кеткен акча каражаты менен камсыз кылууну шаардык Кеңештин түрдүү чыгымдарынан жүргүзүү жагы мэриянын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Сыйлыктар шаардык Кеңештин «Жылдын мыкты депутаты» наамын ыйгаруу Жобосуна ылайык жаңы жылдык майрамда салтанаттуу түрдө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы С.Мейманкуловага милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |