Редакцияот 17.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы

 

2015-жылдын 17-декабры № 01-05/199

Кочкор-Ата шаардык Кеңештин депутаттарын

кошмо жыйындын Ардак грамотасына көрсөтүү жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, жыл жыйынтыгы менен мыкты иштеген, депутаттык ишин мыкты билген Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарын кошмо жыйындын Ардак грамотасына көрсөтүү жөнүндө сунуштарды талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «2015-жыл- Улуттук экономиканы бекемдөө» жылына карата шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана ишкердик элитанын калыптанышына колдоо көрсөткөн, жыл жыйынтыгы менен мыкты иштеген төмөндөгү депутаттар кошмо жыйындын Ардак грамотасына көрсөтүлсүн :

1). Акматова Анипакан Түмөнбаевна – шаардык Кеңештин «Ата Журт » фракциясынан депутат;

2). Эргешова Замира Маликовна – шаардык Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат.

2. Кошмо жыйындын Ардак грамотасына көрсөтүү боюнча райондук кошмо жыйындын Президиумуна сунуштоо жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы С.Мейманкуловага милдеттендирилсин.

3. Ардак грамотаны жасатууга керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков