Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/200
С.Чуроковдун үй-куруу үчүн жер участкасын сурагандыгы боюнча арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Свердлова №8 үйүнүн тургуну С.Чуроковдун небереси Тагаев Актан Нурмаматовичтин Бишкек шаарында онкология бөлүмүндө операция болуп, кайра-кайра химиятерапия алып жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам сураган , ата-энесинин Кумарбаева Динара Суюнбаевнанын турак-жайы жоктугуна байланыштуу, учурда атасынын үйүндө тургандыгы жана там салуу үчүн жер сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Свердлова №8 үйүнүн тургуну С.Чуроковдун небереси Тагаев Актан Нурмаматовичтин Бишкек шаарында онкология бөлүмүндө операция болуп, кайра-кайра химиятерапия алып жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам сураган , ата-энесинин Кумарбаева Динара Суюнбаевнанын турак-жайы жоктугуна байланыштуу, учурда атасынын үйүндө тургандыгы жана кезексиз там салуу үчүн жер сураган арызы депутаттардын талабы менен там салуу үчүн жер участкасын кезексиз берүү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулушу, транспорт жана энергетика маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине тапшырылсын жана мыйзам чегинде чечилсин .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулушу, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |