Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/201
Кочкор-Ата шаардык балдар музыкалык мектебинин ажаатканасынын курулушу боюнча
муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык балдар музыкалык мектебинин ажаатканасынын курулушу боюнча сметада 60 000 сом акча каражаты каралып, толук курулушуна 91 433 сом акча каражаты сарпталганына байланыштуу мектептин кызматкерлери тарабынан төлөнүп берилген калган 31 433 сом акча каражатын төлөтүп берүү боюнча муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуусу эске алынсын .
2. Кочкор-Ата балдар музыкалык мектебинин кызматкерлерине ажааткананын курулушуна өздүк эсебинен сарптаган 31 433 (отуз бир миң төрт жүз отуз үч) сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
3. Керектелүүчү акча каражатын төлөп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриянын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |