Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 22
Кеңеш айыл аймагынан аймактык шайлоо
комиссиясына талапкерлерди бекитүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагынан Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган талапкерлердин документтери менен таанышып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынан Аймактык шайлоо комиссиясына сунушталган Арапов Абдуваптын жана Мамажунусова Айгулдүн талапкерлиги жактырылсын жана аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Сунушталган талапкерлердин документтерин тактап БШКнын аймактык өкүлүнө тапшыруу жагы жооптуу катчы А.Шадыбековага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. А.Ташбаев |