Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-1
Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү
программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга
карата милдеттери тууралуу
Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын берген отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2015-жылы аткарылбай калган иштерде күнөөсү бар адистерди тактап тиешелүү тартиптик чаралар көрүлсүн жана ал иштер 2016-жылдын иш-планына киргизилип аткарууга алынсын.
3. Айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруудагы зор салымы бар айыл өкмөтүнүн адистерин сыйлыка сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Аткарылган иштер боюнча маалыматты кийинки сессияга берүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. А.Ташбаев |