Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-3
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап Айылдык кеңештин Типтүү Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)
2. Иш-планда кабыл алынган маселер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. А.Ташбаев |
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну. | мөөнөтү | Ким даярдайт жана аткарууга жооптуулар. |
1.
2.
3. 4 | Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жыл дагы аткарылышы, 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдарга карата бюджеттин божомолун бекитүү. ФЭБнүн башчысы Мадраимовдун доклады жана бюджет боюнча туруктуу комисиянын билдирүүсү.
Айылдык кеңештин иш-планын бекитүү. Ар түрдүү маселелер: |
I чейрек. 2016-жыл. | Кудайбердиев К
ФЭБнүн башчысы Мадраимов А Бюджет боюнча туруктуу комиссия.
Ташбаев М |
1.
| 2017-2018-2019-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жана бекитүү. Дотацияны кыскартуу боюнча салык жыйноонун варианттарын пландаштырууну кароо.бюджет боюнча туруктуу комиссия. | II чейрек.
| Бюджет боюнча туруктуу комиссия. ФЭБ, салык кызматы. |
1.
| Кеңеш айыл аймагында жайгашкан мектептердин, №9-ҮБДТнун, балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча аткарып жаткан иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен алган акчаларды максатуу пайдалануусунун абалы жана күз-кышка карата даярдыгы тууралуу. Социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү. | III чейрек.
| Маматалиев Ж Ысакова Г Мектеп, ҮБДТнун жана балдар бакчаларынын жетекчилери. Туруктуу комиссия. |
1.
| Айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн 9 айлык жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер. Тарых жана маданият жылына карата аткарылган иштердин абалы | IV чейрек. | Маматалиев Ж Маданият кызматкерлери. |
1.
2.
3. 4.
5.
6 | Уюштуруу иштери боюнча: Даталуу күндөрдү белгилөө жана айыл айылдарга иш-чараларды түзүү. Шайлоочулар менен депутаттардын жолугушууларын жана отчетторду айылдар боюнча уюштуруу. Депутаттардын окууларын уюштуруу. Депутаттардын кабыл алуусун уюштуруу, графигин түзүү. Айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте айылдардагы көйгөйлүү маселелерди иликтөө, чечүү жолдорун издөө. Арыз-даттануулар, келген каттар менен иштөө. |
Убагында
убагында
Чейрек сайын
дайыма
дайыма |
Айыл башчылар, аппарат кызматкерлери Айылдык кеңештин депутаттары. Ташбаев М Жооптуу катчы.
Депутаттар
Депутаттар. |