Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-4
Чегеден айылындагы чоң көчөнүн атын «Орунбай-ата» деп которуу тууралуу
Чегеден айылындагы чоң көчөнүн Чегеден-ата атын элге кадыры сиңген аксакал Орунбай атанын атына которуу тууралуу көчөнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чегеден айылындагы чоң көчөнүн Чегеден-ата атын «Орунбай-ата» деп которуу тууралуу элдин сунушу канаттандырылсын.
2. Көчөнүн аты «Орунбай-ата» деп аталсын жана көчөнүн бардык жасалгалоосун, документ иштерин, жазууларын, номерлөөнү жасоо жагы Орунбай атанын бала-чакасына милдеттендирилсин.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына барып көчөнүн атын каттоого коюуу боюнча документ иштерин бүтүрүү жагы Пирманов Сыдыкка жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. А.Ташбаев |