Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-5
Арбын айылындагы Достук-1 көчөнүн атын «Абжалиев Асан-ата» деп которуу тууралуу
Арбын айылындагы Достук-1 көчөнүн атын элге кадыры сиңген аксакал Абжалиев Асандын атына которуу тууралуу көчөнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылындагы Достук-1 көчөнүн атын « Абжалиев Асан-ата» деп которуу тууралуу элдин сунушу канаттандырылсын.
2. Көчөнүн аты «Абжалиев Асан-ата» деп аталсын жана көчөнүн бардык жасалгалоосун, документ иштерин, жазууларын, номерлөөнү жасоо жагы Абжалиев Асан атанын бала-чакасына милдеттендирилсин.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына барып көчөнүн атын каттоого коюуу боюнча документ иштерин бүтүрүү жагы Абжалиев Камбарбекке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. А.Ташбаев |