Загрузка документа…
ТОРТ-КҮЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-августу №1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 11-август 2011-жылдыгы № 01-9/47 буйругуна ылайык айылдык Кенештердин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 11.08.2011-жылдагы №01-9/47 буйругуна ылайык Торт-Кул айылдык Кенешинин Регламентинин 2-бөлүгүнө 3-1 глава менен төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Глава 3-1
Айылдык Кенештин депутаттары же депутатынын талапкерлерди көрсөтүү тартиби.
3.1.1. Айьш Округунун башчысы айылдык Кенештин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык Кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.1.2. Айьш Округ башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо учун айьш Округунун башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык Кенештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1. Айыл Округ башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча чечим.
2. Талапкердин көрсөтүлүүгө мүмкүндүгү жөнүндөгү арыз.
- Омүр баяны.
- Өздүк баракча сүрөтү менен.
- Соттолбогондугу тууралуу справка.
- Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку билими тууралуу диплом.
- Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчеси.
- Справка-обьективка.
3.1.3. Айыл Округ башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеӊештин депутаты, депутаттары укуктуу айылдык Кеӊештин депутаты, депутаттары айыл Округ башчысынын кызмат ордуна бир гана талапкерди көрсөтө алат.
Торт-Куль айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Камбаров |