Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-6
Арбын айылындагы Жаштар көчөсүнүн атын «Молдобай-ата» деп которуу тууралуу
Арбын айылындагы Жаштар көчөсүнүн атын элге кадыры сиңген аксакал Молдобай атанын атына которуу тууралуу көчөнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылындагы Жаштар көчөсүнүн атын «Молдобай-ата» деп которуу тууралуу элдин сунушу канаттандырылсын.
2. Көчөнүн аты «Молдобай-ата» деп аталсын жана көчөнүн бардык жасалгалоосу, документ иштерин, жазууларын, номерлөөнү жасоо жагы Молдобай атанын бала-чакасына милдеттендирилсин.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына барып көчөнүн атын каттоого коюуу боюнча документ иштерин бүтүрүү жагы Осмонов Муктарбекке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. А.Ташбаев |