Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-7
Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин бекитүү тууралуу
Элдердин мал-жандыктарын тейлеп, мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарга дарылоо боюнча көрсөтүлүүчү жеке менчик ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүү боюнча Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын сунуштап жаткан кызмат акыларды талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин14-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдердин мал-жандыктарын тейлеп, мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарга дарылоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын жер-жерлерге таркатуу жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачы З.Калдаровко жана айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. А.Ташбаев |