Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 23-8

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 350.000 сомго, чыгаша бөлүгү болжол менен 350.000 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. 2016-жылга карата жайыт жерлерин өздөштүрүүдө болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: чөп чабынды үчүн 1,0 га жер аянтына 400 сом; олтуругузулган дарактар үчүн 1,0 га 2500 сом; жаңы өздөштүрүлгөн жерлерге 1,0 га 1700 сом.

3. Кеңеш жайыт пайдалануучулар тарабынан жайытка чыгуу мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленсин: Ак-терек, Как, Кара-таш, Чегеден-ата 25.03.2016-ж; Сойгонум, Асал-таш, Ичке-суу 15.05.2016; Көк-дөбө, Эсен-арча, Ысманбайдын көлү 10.05.2016-ж;

4. Бекитилип берилген бюджетти максаттуу иштетүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. А.Ташбаев