Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 11-январы № 27/3
Нарын райондук мамлекетинин 2016-жылдын 18-январындагы № 49/04 катындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айыл чарба жерлеринин базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Дөбөлү айылдык кенештин төрагасы К. Исаков Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын каты боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренелерине таянып, айыл аймактарында 2016-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүүдө жер салыгынын базалык өлчөмүн көтөрүү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставакасын календардык жыл ичинде бирден кем эмес жана үч жолунан ашырбай көбөйтүү укугу белгиленгендиги жана ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2016-бюджети жана 2017-2018- божомолу жөнүндөгү» мыйзамынын 12-беренесинин 5-пунктуна ылайык, жер салыгынын базалык өлчөмүн көтөрүүдөн жергиликтүү бюджетин кирешесинин көбөйүшү тендештирилген гранттын көлөмүн өзгөртүүгө негиз болбой тургандыгы ушул мыйзамда белгиленгендиги көрсөтүлгөн. Салык базасы көбөйсө жергиликтүү бюджетке түшөрү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан бийик тоолу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген айыл чарба жерлери үчүн, айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн, жер салыгын төлөөдө, ошол район үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын 50 % өлчөмдө женилдик белгиленгендиги туралуу айылдык кенештин депутаттарына чечуугө коюп, айылдык кенеш бир добуштан колдоп, Дөбөлү айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренелерине таянып, айыл аймактарында 2016-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүүдө жер салыгынын базалык өлчөмүн көтөрүү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн, жер салыгынын базалык ставакасы эки эсе көтөрүлсүн.
2. КЗ аймактык коэффициенти 1,0 эсебинде бекитилсин.
2.Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы көтөрүлгөндүгү боюнча айыл тургундарына салык акыларынын төлөмү жана төгүлүшү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтунүн кирешелер боюнча адиси А. Нурмуканбетова милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жанышбекке тапшырылсын.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |