Редакцияот 11.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 27 сессиясы

 

2016-жылдын 11-январы № 27/4

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн жыл башында атайын эсепте калган акча каражатынын эсебинен смета бекитүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн жыл башында калган акча каражаттарынын эсебинен смета бекитип берүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ибраимакун уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жыл башына атайын эсепте калган акча каражатынын сметасы киреше жана чыгаша бөлүгү 16900 сом болуп бекитилип, акча каражаттары төмөндөгү статьяларга жумшалсын.

-Статья 2218 тамак-аш сатып алууга 16900 сом.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы Ибраимакун уулу Жанышбекке, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана тиешелүү документтерди даярдап аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

Дөбөлү айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Исаков