Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели №25-34/7
Катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу кызматына келишимдерди бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын КСТжЖЧ башчысы З.К.Бейшебаевдин берген материалдарды угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, турак-жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын, Ысык-Көл областынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо «Айдын» союзунун корутундууларын, эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл-Нарын областык бөлүмүнүн макулдугун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXV чакырылышынын XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол «КСТжЖЧ» коммуналдык ишканасынын катуу тиричилик таштандандыларды ташып чыгаруу кызматына төмөнкү келишимдер бекитилсин:
- уюмдар жана ишканалар менен катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча келишим;
- калк менен катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча келишим;
2. Каракол шаарынын мэриясы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу кызматын көрсөтүү үчүн калктан жана шаардын чарба жүргүзүп жаткан субъектилеринен көрсөткөн кызматы үчүн каражаттарды толук чогултууну камсыз кылсын;
3. Кыргыз Республикасынын 20.07.2009 жылдагы №241 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты ушул токтомдун мамлекеттик каттоосун Ысык-Көл областтык Адилет башкармасында Мамлекеттик нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн өткөзсүн.
4. Бул токтом ММКда жарыялансын.
5. Бул токтом Мамлекетик нормативдик актылар реестринде катталып, массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына (Жумабекова А.К.) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы | А.Иманбаев
|
«МАКУЛДАШЫЛДЫ» «БЕКИТИЛДИ»
Кыргыз Республикасынын Каракол шаардык
өкмөтүнө караштуу депутаттар Кенешинин
антимонополиялык жөнгө салуу төрагасы
мамлекеттик агенттигинин ______________ Иманбаев А.А.
Ысык-Көл- Нарын облустук бөлүмүнүн жетекчиси
_____________________Чымылдаков К.
КЕЛИШИМ
« Калкка таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө»
Каракол ш. «_____» __________20___ж.
Бул келишимди түзүүнүн негизги максаты; Каракол шаарында калк жашаган көп кабатуу үйлөрдүн жана жер үйлөрүнүн айланасын жана катуу тиричилик (бытовой) таштандыларынан (кийинки жазылышы таштанды) арылтуу же санитардык тазалоону камсыз кылуу жана ошондой эле ташып чыгаруу, жайгаштыруу, көмүү кызматтарын көрсөтүү болуп эсептелет.
Биринчи тараптан; көрктөндүрүү санитардык тазалоо жана жашылдандыруу чарбасынын Каракол комбинатынын атынан анын жетекчиси ____________________________________ «Аткаруучу» деп аталып жана
Экинчи тараптан; менчик ээси (пайдалануучу) аты жөнү________________________________________________
көп кабат үй (жер үй) _______________ жашаган дареги________________________________________________
анда жашаган киши саны __________________ киши, кийинки жазылышы «Керектөөчү», төмөндөгүдөй келишими түздүк.
I. Келишим эрежелери:
1. «Аткаруучу» таштаныдларды убагында ташып чыгаруу кызматын көрсөтөт (аткарат).
2. Каракол шаардык Кеӊешинин депутаттары бекиткен кызмат баасын жана чогулган таштандылардын ченемине жараша Монополияга каршы өкмөт уюму менен макулдашылган иш кагазынын негизинде «Керектөөчү» «Аткаруучуга» көрсөткөн кызматы үчүн, төлөм жүргүзүп турат.
II. Эки тараптын милдеттери:
1. «Аткаруучунун» милдеттери:
- чогулган жеринен таштандыларды толук көлөмдө, ташып чыгаруу, жайгаштыруу, көмүү.
- таштандыларды дайыма убагында ташып чыгарууну камсыз кылуу,
Жылуу мезгилдерде ( 1 апрелден баштап 31 октябрга чейин)__________________________________
Суук мезгилдеринде (1 ноябрдан баштап 31 мартка дейре)____________________________________
- көп кабат үйлөрундө жашагандарга муктаждыгына жараша контейнерлерди орнотуу, жер үйлөрүндө жашагандарга таштандыларды чогултуу жайларын уюштуруу.
- шаардык Кеӊешинин депутаттары кабыл алган жаны кызмат баалары өзгөргөнүнө жараша «Керектөөчугө» 10 күндүн ичинде, кабыл алгандан кийин жеткизүүгө милдеттүү.
2. «Керектөөчүнүн» милдеттери:
- Таштандыларды ташып чыгаруу кызматын көрсөткөндүгү үчүн өз убагында төлөм жүргүзүү.
- Таштандыларды баш-аламан жерлерге таштабоого, аларды өрттөбөөгө. Орнотулган контейнерлерге, жайларга аяр мамиле жасоого.
- Таштанды чогулган жайларга, орнотулган контейнерлерге оӊой жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүгө.
- келишим түзүлгөндөн кийин жашоочулардын саны өзгөрүлсө «Керектөөчү» 15 күн ичинде «Аткаруучуга» маалымат берүүгө милдетүү.
III. Эсептөө тартиби:
1 «Керектөөчу», «Аткаруучуга» таштандыларды ташып чыгаруу кызматын көрсөткөндүгү үчүн ар бир айдын 30на чейин төлөм жүргүзөт. Каракол шаардык кеӊешинин депутаттары койгон кызмат баасынын негизинде бир кишиге ___________ сом
Таштандынын чогулуу ченеми 1 кишиге ________м3 бир жылга.
Бир кишиге болгон төлөм бир айга ___________ сом.
Баардык төлөмү бир айга ________________ сом.
2. Эгер Каракол шаардык Кенешинин депутаттары кызмат көрсөтүү баасын өзгөртсө, «Аткаруучу» таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын көрсөтүү баасын өзгөртүүгө укуктуу.
IV. Эки жактын жоопкерчилиги.
1.Негизги төлөм карызы, төлөй турган акчасынын 25%нан көп болсо «Аткаруучуга» чыныгы келишимдин III-беренесинин,1-бөлүмүн бузгандыгы үчүн, ар бир кечиккен күнү үчүн 0,1% (пайыз) эсебинде төлөп берет.
2. «Керектөөчү», «Аткаруучунун» кызмат көрсөтүүсүнө (таштандылар чыгарылбай калганда) канаатанбай калган күндөрүнүн төлөмдөрүн жүргүзбөөгө акылуу. Мындай фактыларга акт жазылып ТОСтун (домоуправления), «Аткаруучунун» жана «Керектөөчүлөрдүн» өкүлдөрү менен, тастыкталуусу зарыл, «Аткаруучу» кызмат көрсөтүлбөй калган күндөрүнө мыйзам чегинде административдик жазага тартылат 0,1% ар бир кечиккен күдөрүнө.
3. Комуналдык мүлктөрдү (контейнери бар болсо) сактоо жоопкерчилиги «Аткаруучу» менен катар «Керектөөчүгө» да жүктөлөт. «Керектөөчү» жактан комуналдык мулккө зыян келтирген фактылар акт менен тастыкталса, «Аткаруучу» келтирилген зыян өлчөмүнүн суммасын «Керектөөчүдөн» өндүрүп алууга укуктуу.
Контейнерлер накладнойлордун негизинде берилет.
4. Эки тараптан аргасыз кырдаалдардын (форс-мажор) негизинде келишимде көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер толук же жарым жартылай, аткарылбай калса келишимде көрсөтүлгөн жоопкерчиликтеринен бошотулат.
V. өзгөчө шарттар
1.Бул келишимде көрсөтүлбөгөн таштандыларды (үйлөрдү, квартираны ондоодон чыккан курулуш таштандылары, үй жаныбарларынан чыккан таштандылар, суюк таштандылар жана башка келишимде көрсөтүлбөгөн таштандылар) ташып чыгарылбайт.
2. Келишимде көрсөтүлгөн V-берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн таштандылары өзүнчө кошумча төлөм менен өтүнмөнүн негизинде чыгарылат.
VI. Келишим мөөнөтү.
1.Келишим эки жактан кол коюлгандан кийин, күчүнө кирет. Бул келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлөт, эгер келишимде көрсөтүлгөн шарттар өзгөрүлбөсө келишим узартылды деп эсептелет.
VII. Кошумча шарттар.
Эки тараптын дареги:
______________________ _____________________
______________________ _____________________
______________________ _____________________
______________________ _____________________
Колу___________ Колу__________
мөөрү.
________________________________________________________________________________________________
«МАКУЛДАШЫЛДЫ» «БЕКИТИЛДИ»
Кыргыз Республикасынын Каракол шаардык
өкмөтүнө караштуу депутаттар Кенешинин
антимонополиялык жөнгө салуу төрагасы
мамлекеттик агенттигинин ______________ Иманбаев А.А.
Ысык-Көл- Нарын облустук бөлүмүнүн жетекчиси
_____________________Чымылдаков К.
ИШКАНА, УЮМДАРГА КАТУУ ТИРИЧИЛИК ТАШТАНДЫЛАРЫН ЧЫГАРУУГА КЫЗМАТ КѲРСѲТҮҮ БОЮНЧА КЕЛИШИМ
Каракол шаары «___»_________20__ ж.
Биринчи тараптан______________________________________________________________________________
(ишкана уюмдардын аталышы, менчик туруно карабай)
кийинки жазылышы «Жалдоочу» __________________________________________________________________
(мекеме, ишканалардын жетекчиси)
Экинчи тараптан, Көрктөндүрүү санитардык тазалоо жана жашылдандыруу чарбасынын Каракол комбинаты кийинки жазылышы «Аткаруучу»нун атынан жетекчиси ___________________________________ негизи иш чараларын Уставдын негизинде жургүзөт. Эки тарап төмөндөгү көрсөтүлгөн келишимди түздүк.
I. Келишимдин эрежелери:
1. Келишимдин негизинде «Аткаруучу», «Жалдоочунун» аймагынан (территориясынан) катуу тиричилик таштандыларын (кийинки жазылышы Таштанды), ташып чыгаруу кызматын көрсөтөт. Кызмат көрсөтүү макулдашылган графиктин негизинде жүргүзүлөт. «Жалдоочу» көрсөтүлгөн кызмат акысын «Аткаруучуга» төлөп берет (кызмат наркынын эсеби келишимге тиркелет).
2. Келишимдин негизи болуп таштандыларды ташып чыгаруу болуп эсептелет.(тиричилик таштандылары, коомдук жайларда чогулган, короосунан чогулган жалбырактар, өзгөчө таштандылар, дүкөндөрдөн, коомдук тамактануу жайларынан, бала-бакчалардан, мектептерден, ооруканалардан, мейманканалардан ж.б.).
3. Күнүмкү оӊдоолордон, капиталдык оӊдоолордон чыккан курулуш таштандыларын, от жагуу мештеринен чыккан шлактарды, мууздарды кыш мезгилинде, суюк таштандылардыларга кошумча төлөм менен чыгарылат.
4. Кызмат көрсөтүү дареги: Түп көчөсү №1.
II. Төлөм шарттары жана тартиби:
1. Таштандыларды ташып чыгарууга кызмат көрсөтүүнүн наркы Каракол шаардык Кеӊешинин депутаттары кабыл алган кызмат баасы жана таштандылардын чогулган ченемине жараша эсептелет.
Чогулган таштандылар ченеми _______м3бир жылга.
Кызмат баасынын өлчөмү ___________сом _________ тыйын бир айга.
Кызмат көрсөтүү наркы бир жылга ____________сом _____________тыйын.
2. «Жалдоочу» макулдашуунун негизинде, кызмат көрсөткөндөргө төлөм жургүзөт.
3. Нак акчалай же которуу жолу менен төлөө эки жактын макулдашуусунун негизинде жүргүзүлөт.
4.Эгер кызмат баасы өзгөрүлсө «Аткаруучу», «Жалдоочуга» эскертүү жолу менен билдирип, кызмат баасын кайра эсептеп чыгат.
5. Эсепчилер менен бирге макулдашылгандан кийин «Аткаруучу» төлөмдөрдүн эсебин «Жалдоочуга» берет.
III. «Жалдоочунун» жоопкерчилиги жана укугу:
1. «Аткаруучуга» таштандыларды ташып чыгаруу кызматын көрсөткөндүгү үчүн, «Жалдоочу» төлөмдөрдү убагында төлөп бергенге жоопту.
2. өз убагында «Жалдоочу» эгер көлөмдөрдүн көрсөткүчтөрү өзгөрүлсө «Аткаруучуга» маалымат бериши керек, таштандыларды чыгаруу эсебин ондоого.
3. Келишимдин негизинде тейленген «Жалдоочу» жайгашкан аймагын санитардык нормага ылайык таза кармоого жоопту. Курулуш таштандылары менен тиричилик таштандыларын аралаштырбоого, аймагында жайгашкан арыктарды, көкмайсандарды таза кармоого көз салып туруусу жүктөлөт.
4. Таштандылар чогулган жайларга оной жеткиликтүү шарттарды тузуп берүүсү.
5. Таштандылар чогулган контейнерлердин тегерегин тазалыкта кармоого, контейнерлердин сакталышына жоопту. Эгер контейнерлер талкаланып же уурдалып кетсе анда алардын толук баасын төлөп беришет.
Контейнерлер накладнойлордун негизинде берилет.
V. «Аткаруучунун» жоопкерчилиги жана укугу:
«Аткаруучу» өз убагында «Жалдоочу» менен таштандыларды ташып чыгаруу кызматына келишимдерди түзүүгө милдетүү.
Келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, «Аткаруучу» өз убагында жана сапатуу тейлөө.
Эгер көрсөтүлгөн кызматынын акчалары өз убагында төлөнбөсө, «Аткаруучу» таштандыларды чыгарбай коюу укугуна ээ. Карыздарды толук төлөгөндөн кийин гана кызмат көрсөтүү улантылат.
V. Эки жактын жоопкерчилиги:
«Аткаруучу» таштандыларды ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооптуу. «Аткаруучунун» күнөөсү менен кызмат көрсөтүлбөй калса, керектөөчү кызмат акыларын төлөбөй койгонго укуктуу. Мындай далилдерге (фактыларга) актылар түзүлүп «Аткаруучунун» өкүлү же ТОС тун өкүлүнүн тастыктоолорунун негизинде толтурулат.
2 «Аткаруучу» кызмат көрсөтүлбөй калган күндөрүнө мыйзам чегинде административдик жазага тартылат 0,1% ар бир кечиккен күдөрүнө.
3 «Жалдоочу» таштандыларды белгиленген жерден башка жактарга чыгарбоого, тиричилик таштандыларын
өртөөгө жол берилбейт, мындай далилдерге административдик жоопкерчилигине тартылат.
VI. Башка шарттары:
Сүйлөшүү жолдору менен чечилбей турган келишпестиктери, мыйзам чегинде сот аркылуу чечилет.
Келишимдеги өзгөрүүлөр, толуктоолор күчүндө деп, эки жактын макулдашуусу менен кат жүзүндө, колдорунун тастыктоосунун негизинде эсептелет.
Келишимди эки жак тен кол койгондон тартып күчүнө кирет жана бир жылга түзүлөт. Эки жактын макулдугу менен келишим кийинки жылга узартылса болот.
Келишим эки нускада толтурулуп, бирдей күчкө ээ.
Келишимди бир жактуу бузууга болот. Келишимди бузуп жаткан тарап, кат жүзүндө маалымат бериши керек келишимди бузууга 14 күн калганга чейин.
VII. Толуктоолор, шарттары.
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
VIII. Тараптардын юридикалык даректери:
________________________ __________________________
________________________ __________________________
________________________ __________________________
________________________ __________________________
Колу___________ Колу____________
мөөрү. мөөрү.