Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 28/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин жыл башында калган акча каражатынын эсебинен смета бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2016-жылдын башына калган акча каражатынын эсебинен смета бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын башына калган акча каражатынын сметасы киреше жана чыгаша бөлүгү 1041600 сом болуп бекитилсин. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
- Статья 22153100-кызматкерлерди окутууга
- 5500 сом мамлекеттик сатып алуулар боюнча атайын окуу курсунан бир кызматкер-
ди окутууга;
- Статья 22154900- башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө
-50000 сом О.Токтосунов атындагы орто мектептин ашканасын капиталдык
ремонттон өткөрүү проектисинин сметасын түзүүгө;
- 30000 сом К.Абиров атындагы орто мектептин жаны салынуучу имаратынын ордун
топосъемкасын түзүүгө,ПСДсынын техникалык экспертизадан өткөрүүгө;
Бардыгы 85500 сом.
- Статья 31111290-башка багыттагы имараттарды куруу
- АРИС проектиси аркылуу курула турган «Небере» балдар бакчасынын имаратынын
өздүк салымына 256100 сом;
Бардыгы 256100 сом.
- Статья 31121290 – башка транспорт каражаттарын сатып алууга
АРИС проектиси аркылуу алынып жаткан «ХУНДАЙ» экскаватору үчүн өздүк салым катары 600000 сом
-Статья 31122220- Башка айыл чарба техникаларын сатып алууга
Сеялка сатып алуу үчүн -100000 сом.
2. Тиешелүү документерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага жүктөлсүн.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |