Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 22/112
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2016-жылга карата бекитүү жөнүндө
Депутаттардын айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы жана бюджет салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Деркенбаев Майрамбек жана Кош-Дөбө айыл аймагынын бөлүм башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына негизденип, Каржы министрлиги берген долбоорду, Кеңештин туруктуу комиссиясы берген маалыматтарды эске алып, 2016-жылга карата жергиликтүү бюджет төмөндөгүдөй бекитилсин: 2016-жылдын киреше бөлүгү 4795.5 миң сомго, мунун ичинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 1306,5 мин сомго, тендештирилүүчү грант 3489,0 сомго бекитилсин. (расчеттору тиркелет)
2. 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша болугу: - аппаратка - 2775,3 миң сом - маданиятка - 979,1 миң сом - агартууга - 1041,1 миң сом Баары ; 4795,5 миң сом
3. 2016-жыл үчүн айыл аймагынын жылдык бюджетинин киреше бөлүгү 4795,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 4795,5 миң сомго бекитилсин.
4. Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бекитилген бюджетинин ар бир статьясы мыйзамдын негизинде туура чыгымдалышына көзөмөлдүк кылуу жагы өкмөт башчысы Т.Абыкеевге жана отчет берип туруу жагы бөлүм башчы С.Капаровго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |