Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 22/114
“ Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык жана коэффициенттерин жогорулатуу жөнүндөгү” Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын 20.01.2016-жылдагы № 78 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариевдин 12-январь2016- жылдагы жергиликтүү бюджетти бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337, 339-беренелерине ылайык жер салыктын базалык ставвкаларын жана коэффициенттерин жогорулатуу жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 13.01.2016-жылдагы № 03- 07/58 көрсөтмөлөрүнө ылайык Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларына 1,1 коэффициентти колдонулсун жана 2016-жылдын 1-январынан баштап ; 1. Сугат айдоо - 1,0 га 118 сом 25 тыйын 2. Кайрак жер - 1,0 га 20 сом 35 тыйын 3. Чабындылар - 1,0 га 13 сом 80 тыйын 4. Жайыттар - 1,0 га 2 сом 47 тыйын болуп белгиленсин.
2. Жер салыгынын ставкаларын ушул токтомго ылайык келтирип, салыктардын чогулушун камсыз кылуу жана жер салыгын төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл аймагынын ФЭБнө, салык инспекторуна тапшырылсын. 3. Бул токтомдук аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнө жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |