Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 22/116
Тарыхий инсан Ормонхан Ниязбек уулунун атын тарыхта калтыруу жөнүндө
Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү үчүн Ормонхан Ниязбек уулунун эмгеги зор. Элибизди Казак баскычыларынан согуштук тактикасы ( Ормон опуза ) менен сактап калган, Анын атын түбөлүккө тарыхта калтыруу максатында Россия Федерациясында орустун улуу полковедецтери Суворов, Кутузов, Нахимов, Жуков ордендери сыяктуу Кыргыздын Ормонхан Ниязбек уулу, Тайлак баатыр сыяктуу аскер жетекчилери болгондуктан Кыргыз Республикасында “Манас”, “ Ак шумкар”, ордендери болгон менен аскердик күч орден, медалдары жокко эсе экендиги эске алынып, “Тарых жана маданият” жылына карата Ормонхан Ниязбек уулунун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ормонхан Ниязбек уулунун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында аскер күч структуралары үчүн “Ормонхан” атындагы орден чыгаруу жагы сунушталсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Жергиликтүү Кеңештердин кошмо жыйынынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |