Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 22/117
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылындагы “ Мега Ком ” компаниясынын станциясын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кош-ара-таш участкасындагы “ Мега Ком ” компаниясынын станнциясын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына берилсин.
2.” Мега Ком ” компаниясы менен келишимдерди жаңыртып түзүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |