Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 70
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн тейлөөчүлөрүнүн 2013-жылдагы аткарылган иштеринин маалыматы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы байланыш бөлүмүнүн тейлөөчүлөрүнүн 2013-жылдагы аткарылган иштери боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн тейлөөчүлөрүнүн 2013-жылдагы аткарылган иштери боюнча Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 11.01.2014-жылдагы заседаниеси токтому толугу менен жактырылсын.
2. Айылдык байланыш бөлүмүнүн жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаатандырарлык деп табылсын.
3. Айылдын жашоочуларынын катаал шарта, жашап жаткан эске алуу менен пенсия, пособиелерди берүү графигин райондук байланыш бөлүмү менен макулдашып, ар бир айдын 10-числосуна чейин жылдыруу жагы байланыш бөлүмүнүн башчысы Т.Батыралиевге тапшырылсын.
4. Байланыш бөлүмүнүн бөлмөлөрүн талапка ылайык жаңы мебелдер менен (стол, стул, шкаф) жаңылоо,эшиктерин,терезелерин бүтөп, эстетикалык жактан иретке келтирүүнүн ынгайлуу жолдорун иштеп чыгуу байланыш бөлүмүнүн кызматкери Т.Батыралиевге, Б.Кайыпжановага, М.Өктөмбековго, А.Жужаковага сунушталсын.
5. Байланыш бөлүмүндөгү маалымат доскасына жарандарга зарыл материалдарды,маалыматтарды келип жаңыртып туруу жагы байланыш бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
6. Байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин магазиндериндеги товарлардын баасын эл наркы оптималдуу коюп, жарандардын керектөөлөрүн канаттандыруу жагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлерине сунушталсын.
7. Байланыш бөлүмүнүн имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу телекомдун балансына караштуу имаратка көчүрүү жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы комитеттин төрайымы М.Суранбаевага жүктөлсүн.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |