Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 71
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевдин 2013-жылдагы аткарылган иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевдин 2013-жылдагы аткарылган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевдин 2013-жылы аткарган иштери боюнча маалыматы жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевдин 2013-жылы аткарылган иштери боюнча айтылган кемчиликтер, айылдык Кенештин сессиясынын токтомдору менен иш жүрзүзбөгөндүгү эске алынсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мектептерде, ооруканаларда,мекемелерде ордунда ар бир квартал сайын чогулуш өткөрүү жагы айыл аймагынын орун басары А.Уметалиевке жүктөлсүн.
4. Айыл ичиндеги таштандыларды жана таштанды таштоого орун даярдоо жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевке жүктөлсүн.
5. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы турак жайы жараксыз деп табылган турак жайларга МЧСтен берилүүчү 200 миң сом суда алуучу айыл тургундардын тизмесин айылдык Кеңештин көзөмөлү менен иш жүргүзүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевке жүктөлсүн.
6. Айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиев сессия учурунда депутаттарга корс мамиле кылып, өзүм билемдик мамилесин кароо жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
7. Жогорудагы токтомдо белгиленип көрсөтүлгөн маселелер боюнча иш жүргүзүү жана элдик жыйындарда элге жеткирүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы комитеттин төрайымы Ы.Кожокеевага жүктөлсүн.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |