Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 72
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын вет кызматкери А.Акматалиевдин 2013-жылдагы аткарылган иштеринин маалыматын угуу
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын вет кызматкери А.Акматалиевдин 2013-жылдагы аткарылган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн вет кызматкери А.Акматалиевдин 2013-жылга аткарган иштери жарым жартылай жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн вет кызматкери А.Акматалиевдин 6 айдын ичинде иштеген кызматында жакшы иш алып барбаса кызмат абалы каралаары эскертилсин.
3.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында малдын саны жылдан жылга көбөйүп,ветаринардык адистер баардык малды өз убагында алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүгө үлгүрө албай жатышкандыктан, жайлоо комитеттинин эсебинен,бир ветеринардык адис штатын жана айлык акысын бөлүп берүү жагы жайлоо комитеттинин төрагасы Э.Мутуевке милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына вет аптека ачуу жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы комитеттин төрайымы Ы.Кожокеевага жүктөлсүн.
6.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |