Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 73
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын соц адиси К.Сулпукорованын 2013-жылдагы аткарылган иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын соц адиси К.Сулпукорованын 2013-жылдагы аткарылган иштеринин маалыматын угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын соц адиси К.Сулпукорованын 2013-жылда аткарылган иштеринин маалыматы жактырылсын.
2 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын соц адис К.Сулпукорованын сунушун эске алып, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында өтө-жакыр 786 үй-бүлөөгө ооруканага жатканда соц адис тарабынан өтө-жакыр үй-бүлөө экендигин тастыктаган тактама берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы комитеттин төрайымы Ы.Кожокеевага жүктөлсүн.
4.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |