Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 73-а
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин токтомдорунун кабыл алуусу тууралуу Жалал-Абад обулусунун Юстиция башкармалыгынын 22.07.2013-жылдагы №342/03-7сунушу жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айыл айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Ысырайыловдун маалыматтын угуп жана талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин токтомдорунун кабыл алуусу тууралуу, Кызыл-Өзгөрүш айыл айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Ысырайыловдун маалыматы эске алынсын.
2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылырын каттоонун тартиби жөнүндөгү” жобосуна ылайык Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
3.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Б.Чекировага жүктөлсүн.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |