Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 74
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешине Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургундары С.Тиленбаева менен А. Кадыркуловалардын арыздарын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешине Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургундары С.Тиленбаева менен А.Кадыркуловалардын арызын карап Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу,муниципалдык менчик жана атуулдардын арыз даттануулары кайрылууларын кароо саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Батыралиевдин маалыматын талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешин Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестициятартуу,муниципалдык менчик жана атуулдардын арыз даттануулары кайрылууларын кароо саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын 09.01.2014-жылдагы заседаниесинин токтому жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Малабашов атындагы оорукананын врачтары Батыркулова Камбарбү, Авазганова Алтынкыздын оорулууларды кабыл алуу этикаларын жана оорулуларга жасаган туура эмес мамилелерин карап,тиешелүү чара көрүү жагы оорукананын директору Н.Кошоевке тапшырылсын.
3. К.Малабашов атындагы ооруканада иштеген врачтардын иштөө убактысын жана врачтардын оорулуларга жасаган мамилесин, ар дайым көзөмөлдөө оорукананын директору Н.Кошоевке тапшырылсын.
4. Ооруканадан атуулдарга берилүүчү тиешелүү тактамалардын баасын, ар бир айда ОМСке келген дары-дармектердин тизмесин маалымат доскасына 1-ай мөөнөт ичинде илдирүү жагы К.Малабашов атындагы оорукананын жетекчиси Н.Кошоевке милдеттендирилсин.
5.К.Малабашов атындагы оорукананын врачтары Батыркулова Камбарбү,Авазганова Алтынкыздарга оорукананын К.Малабашов атындагы оорукананын директору Н.Кошоев кандай чара көрүлгөнүн 20 күндүн ичинде жазуу жүзүндө айыл Кеңешке маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу,муниципалдык менчик жана атуулдардын арыз даттануулары кайрылууларын кароо саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Батыралиевке жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |