Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 75
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Камыш-Башы айылынын тургуну Ч.Көкүмбаев арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Камыш-Башы айылынын тургуну Көкүмбаев Чынтемирдин менчик базар ачуу жөнүндө арызын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айылынын тургуну Ч.Көкүмбаевдин менчик жерине мал, жайма базар ачууга ылайыкталган жеринин баардык шарттарын кароо үчүн атайын комиссия курамы түзүлсүн.
2. Комиссиянын жыйынтыгы менен айылдык Кеңештин сессиясына сунуш даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |