Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 76
Бел-Кара-Суу айыл тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылындагы Таш-Кечүү участкасындагы көпүрө куруу жөнүндө айыл тургундарынын кайрылуусун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылындагы Таш-Кечүү участкасындагы көпүрөнү куруу үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттын бөлүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковко жүктөлсүн.
2.Көпүрө курууга канча акча каражат жумшалат сметасын түзүү Бел-Кара-Суу, Бууракан айылдарынын айыл башчысы Б.Сасыкуловко жана айыл чарба иштери боюнча башкы адис Ж.Өскөнбаевке жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |