Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 77
Камбар-Ата 1,2 ГЭСтерине берилген жер аянттардан айыл өкмөтүнө тиешелүү жер аянтынан жер салыгын бөлүп алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Төрөкулов Камбар-Ата 1,2 ГЭСтердин пайдалануусуна берилген жер аянттардын Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө тиешелүү жер аянтын бөлүп жер салыгын айыл өкмөтүнө төлөп берүү боюнча КРнын энергетика жана өнөр жай министрлигине 2013-жылдын 19.09 №169 катын колдоого алып угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө тиешелүү жер аянтын бөлүп жер салыгын айыл өкмөтүнө төлөп берүү боюнча КРнын энергетика жана өнөр жай министрлигине 2013-жылдын 19.09 №169 каты колдоого алынсын.
2. Камбар-Ата 1,2 ГЭСтеринин пайдалануусуна берилип кеткен 556 га жер аянтын жер салыктарын Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө бөлүп берүү жагы КРнын энергетика жана өнөр жай министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |