Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 78
Ан-Арык айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Ан-Арык айылынын тургундарынын Капчыгайга жайытка баруучу жолду ондоо жөнүндө кайрылуусун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Капчыгайга жайытка баруучу жолду оңдоого канча акча каражат сарпталышын ордунда тактап, сметасын түзүп, тиешелүү адистер менен иш жүргүзүүсү Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |