Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2014-жылдын 13-январы № 79
Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 08.01.2014жылдагы №1 катын кароо жөнүндө
Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 08.01.2014-жылдагы №1 катын талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында малдын саны жылдан жылга көбөйүп, ветеринардык адистер баардык малды өз убагында алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүгө үлгүрө албай жатышкандыктан, жайлоо комитетинин эсебинен бир ветеринардык адис штатын жана айлык акысын бөлүп берүү жагы жайлоо комитетинин төрагасы Э.Мутуевге жүктөлсүн..
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |