Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 17-февралы № 81
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 13.02.2014-жылдагы №141чи катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январында №41 токтомунун негизинде Жалал- Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара- Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын пайдалануу тартиби жөнүндө жобонун 6-пункутун аткарууга алуу жөнүндө
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 13.02.2014-жылдагы № 141чи катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январында № 41 токтомунун негизинде Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын пайдалануу тартиби жөнүндө жобонун 6 пункутуна ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн келип түшкөн сунушун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январында № 41 токтомунун негизинде Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын пайдалануу тартиби жөнүндө жобонун 6 пункутунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынан атайын фонд боюнча уюшулган дирекцияга байкоочу Кенешке Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кенештин депутаты Азимжанов Таалайбек Самарбекович мүчө болуп дайындалсын.
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |