Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 82
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2013-жылдагы жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2013-жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2013-жылдагы жүргүзгөн иши канатандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин курамы кайрадан каралып чыгып 19 адамдан турган комиссия курамы түзүлсүн.
3. Мал ээлерине жайыт билеттерин берүү,жакынкы жайыттарга отургузбоо, алыскы пайдаланбаган жайыттарга көчүрүү жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
4. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин:
2014-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү мал -бир баш мал үчүн -80 сом
Кой-Эчкилер -бир баш үчүн -16 сом
Жылкылар үчүн -бир баш үчүн -80 сом
5. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
8. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |