Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 83
СПАнын жетекчиси Б.Маданбековдун маалыматын угуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы СПАнын жетекчиси Б.Маданбековдун 2013-жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап зыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы СПАнын жетекчиси Б.Маданбековдун 2013-жылдагы жүргүзгөн иштери канатандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу канал.арыктарды чаап тазалоо жумуштарын СПА менен бирдикте элди уюштуруп, иш алып баруу айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Мураптарды дайындоо айыл башчылардын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
4. Конур-Өгүз суусундагы канал,арыктарга суу бөлүштүрүүчү щитти суугат иштери башталганга чейин ондоо жагы СПАнан жетекчиси Б. Маданбековко тапшырылсын.
5. 2014-жылга үлүш 1 гектар суугат аянтка суу акысы 150 сомдон бекитилсин.
6. Айыл өкмөттүн имараттын айланасынан казылып алынган эски 37 метр трубаларды айыл өкмөттүн балансасына алып, 1 метр трубанын баасы 700 сомдон бекитилсин, трубанын жумшалышын көзөмөлгө алуу жана сатылган трубалардын акчасы айыл өкмөттүн кассасына кириштелсин.
7. Атайын фонддон каралган эски таза суунун түтүктөрүн оңдоого жумшалган 500000 (беш жүз миң) сомдун жумшалышын сапаттулугун кароо жагы, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон суралсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу,коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдардын иштери,мыйзамдуулук жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ы.Кожокеевага тапшырылсын.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |