Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 86
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин жалпы суммасы (Республикалык берилүүчү теңдөөчү гранты кошуп эсептегенде) 8533,6 миӊ сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2014-жылга 2985,0 миӊ сомго бекитилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат счету 231,0 миӊ сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2014-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1 % өлчөмүндө же 96,0 миӊ сомго белгиленсин.
5. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5- пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
6. Айылдык Кеӊештин сессиясын уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бюджетте айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын , айылдык Кеӊештин депутаттарынын райондук кошмо жыйынга катышууга кетүүчү жол каржысы жана райондогу атайын фонд боюнча башкармалыктын байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн районго барып келүүгө кетүүчү чыгымы дагы жергиликтүү бюджеттен төлөнүү жагы белгиленсин
7. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Кеӊешине түшкөн арыз, кайрылуу сунуштарды канаттандыруу үчүн бюджетке кошумча каражат табуу жагы тапшырылып, аны жумшоо бюджет соц. маселелер жана жер комитеттеринин макулдугу менен жумшалсын.
8. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковго жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүсүнө карата сессияларга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеӊештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
10. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |