Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 87
Айыл өкмөттүн киреше булагын көбөйтүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө жаңы тартылган конуштардагы там салбай пайдаланган кожолук жерге 200 сомдон салык төлөм алуу жагы белгиленсин.
2. Айыл өкмөттүн киреше булагын көбөйтүү максатында өздөштүрүп пайдаланган жерлерди тактоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын жана алардан алынуучу салыктын өлчөмү гектарына 400 сомдон белгиленсин.
3. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысынан берилүүчү тактамаларга 5 (беш) сомдон алынсын,жөлөк пул алуучуларга, аскер кызматына алынуучу тиешелүү тактамалар бекер берилсин.
4. Айыл өкмөттүн айыл тургундарына жерге байланыштуу берилүүчү токтом, буйруктардан 100 (бир жүз) сомдон айыл өкмөттүн жер адиси аркылуу алынып кассага кириштелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеӊештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |