Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 90
Сарамжалдуулукту сактоону көзөмөлдөө жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүндө 05.03.2014-жылдагы “Сарамжалдуулук бакубат жашоонун башаты”аттуу кеңешменин токтомун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүндө 05.03.2014-жылдагы “Сарамжалдуулук бакубат жашоонун башаты”аттуу кеңешменин токтому толугу менен аткарууга алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүндө сарамжалдуулукту көзөмөлгө алуу жагы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарууга алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Умөталиевке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |