Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 91
Р.Абдыракмановага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак громатасына сунуш берүү жөнүндө
Ак-Жар айылынын тургуну К.Асанбековдун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Р.Абдыракмановага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак громатасына сунуш берүү жөнүндө сунушун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Р.Абдыракманова Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак громатасына сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткаылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Суранбаева тапшырылсын.
3.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusnkg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |