Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 92
Р.Кожокееваны Муниципалдык кызматтын отличнигине сунуш берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты А.Исраиловдун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Малабашов атындагы оорукананын даарыгери,Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты Р.Кожокеевага Муниципалдык кызматтын отличник төш белгисин берүү жөнүндө сунушун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Малабашов атындагы оорукананын даарыгери,Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты Р.Кожокеевага Саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличник төш белгисине сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткаылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Суранбаева тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |