Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 94
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин иш кагаздарын аткаруу, сессиянын журушун даярдоо учун айылдык Кеңешке жооптуу катчы алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Ысырайыловдун Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин иш кагаздарын аткаруу,сессиянын журушун даярдоо учун айылдык Кеңешке жооптуу катчы алуу жөнүндө сунушун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин иш кагаздарын аткаруу,сессиянын журушун даярдоо учун Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешине айыл өкмөтүнүн атайын счетунан эсебинен 4000 (төрт миң)сом өлчөмүндө айлык акы чегерилип,айылдык Кеңешке жооптуу катчы дайындоо жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко жүктөлсүн.
2. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысынын айлык акысын эсептөө жагы айыл өкмөтүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковко жүктөлсүн.
3. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы, сессия эмес күндөрү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Чекировага жардам беруу жагы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |