Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 95
Нооруз майрамына карата улуттук оюундарды уюштуруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты Э.Бусурмановдун Нооруз майрамына карата улуттук оюундарды уюштуруу сунушун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү улуттук оюндарды ойногон оюунчу балдарга,Нооруз майрамына карата улуттук оюундарды уюштуруп өткөрүү учун айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Нооруз майрамына карата улуттук оюундарды уюштуруп өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Умөталиевке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Өктөмбековко тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |