Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 96
Н.Сапарбековдун сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылынын тургуну Н.Сапарбековдун Чеч-Дөбө айылындагы айыл өкмөттүн балансындагы мончонун печкасын оңдоо сунушун угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылындагы айыл өкмөттүн балансындагы мончонун печкасын оңдоо үчүн айыл өкмөттүн ар кандай чыгымдардын эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Чеч-Дөбө айылындагы мончонун иштөө тартибин көзөмөлгө алуу жагы Чеч-Дөбө айылынын айыл башчысы С.Сейдикеримовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Умөталиевке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |